Бишкектин Көк-Жар кичи районунун тургуну 43 жаштагы С.Артыгали милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасынын 3 дөңгөлөгүн чечип кетишкенин айткан. Окуя боюнча ыкчам аракетке өткөн милиция кызматкерлери Бишкектин 24 жаштагы жана 26 жаштагы 2 тургунун колго түшүрүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, келтирилген чыгым 15 миң сомду түзгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.