Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу жана Өзгөн РИИБинин кылмышкерлерди иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандардын баалуу буюмдарын уурдап жүргөн адам кармалды. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, 2014-жылы 29-декабрда Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну, 1959-жылы туулган Ш.К. арыз менен кайрылган. Ал арызында Куршаб айылындагы базардын жанына токтотуп койгон өзүнө таандык Хонда СРВ үлгүсүндөгү автоунаасынын айнегин сындырып, белгисиз адамдар 280 миң сом, 800 миң сомго бааланган алтын буюмдарды жана 20 адамдын жарандык паспортторун уурдап кетишкенин айткан.
Дагы бир арыз ээси, Кара-Суу районунун Кең-Сай айылынын тургуну 24-май күнү саат 11лер чамасында Кара-Суу шаарындагы "Тураталы" базарынын жанында жайгашкан акча алмаштыруучу жайдан белгисиз адамдар тарабынан 50 миң сом уурдалганын айткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Талас облусунун тургуну кармалды. Ал убактылуу Бишкек шаарында жашайт. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.