Ош шаарындагы Туран кичи районунда аянты 50 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер менен жабылган турак үйдөн өрт чыккан. Анда үйдүн чатыры, эки бөлмө, анын ичиндеги эмеректер, 30 даана төшөк, 6 даана килем күйгөн. Бул тууралуу 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен үч адам күйүк алган. Алар:
Өрттөн жабыркагандар Ош облустук күйүк бөлүмүнө "Тез жардам" аркылуу жеткирилишкен. Өрттүн себеби такталууда.