Бүгүн, 18-декабрда саат 15:35те кыргыз-кытай чек арасынын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жер силкинүүнүн очогу Эркеч-Там айылынан 70 чакырым түндүктө, Нура айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Анын күчү 12 баллдык шкала боюнча 2-2,5 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер силкинүүдөн кыйроолор орун алган жок.