2012-жылы Токой фондунун аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, 353 миң сом зыян келтирилди
Быйылкы жылдын 10 айында КРнын Мамлекеттик токой фондунун аймагынан 14 өрт кырсыгы катталган. Натыйжада 106,4 гектар токой күйүп, мамлекетке 353 миң сом зыян алып келген. Олуттуу өрт кырсыктарынын бири 31-августта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы токой чарбада болуп, анда 88,46 гектар аянт күйүп, 129,8 миң сом зыян келтирилген.