Жылдыз Жолдошова "БШК мыйзамды бузуп жатат" дейт

"Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамды бузуп жатат". Мындай пикирди бүгүн депутат Жылдыз Жолдошова айтып чыкты. Ал БШКнын бюллетендерди жеке менчик басмаканадан бастыруусу мыйзамга каршы келет деди. Жолдошова шайлоо бюллетени мамлекеттик басмаканадан даярдалышы керектигин, бирок БШК бюллетен даярдоону "Континент" жеке менчик басмаканасына буюртма кылганын жана ашыкча бюллетендер даярдалып жатканын белгиледи. "Шайлоо - бул мамлекеттик маселе, демек шайлоо бюллетени негизги маселе. Анан муну жеке менчик басмаканадан басуу, жана ашыкча өлчөмдө чыгаруу - мыйзмды бузуу. Ар бир басылган сайын миңдеген бюллетен ашыкча даярдала берсе эмне болот? Бул чоң чырга алып келет, анан Туйгунаалы Абдраимовдун "боло берет, эч нерсе болбойт" дегени таптакыр туура эмес. Мен чындыкты айтып коё берем, укса укту, укпаса өздөрү билсин",- дейт Жолдошова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан