Президенттин Иш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Курманбек Темирбаевдин иши сотко жөнөтүлдү

Бишкек шаардык прокуратура КРнын Президентинин Иш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Курманбек Темирбаевдин ишин сотко жөнөттү. Эске салсак, Курманбек Темирбаев 2007-жылы Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүнөн 0,56 гектар жерди бизнес-борбор куруу үчүн мөөнөтсүз колдонууга берген. Бирок ал жерге бизнес-борбор эмес, көп кабаттуу үй салынып калган. Кызматтык абалы мындай ишти алып барууга жол бербесе да, 2007-жылдын 5-декабрында бөлүнүп берилген жерге курулуш иштерин жүргүзүү үчүн чечим чыгарып кол койгон. Жыйынтыгында мамлекетке зыян келип, Темирбаевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 304үнчү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренелери (Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кетуу) менен кылмыш иши козголду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан