Талас. Ж.Жолдошова Талас эли менен ойноого болбой турганын эскертти

14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда “Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова Талас облусундагы Маймак станциясы тууралуу маселени тезинен чечүү керек экендигин белгилеп өттү. Жергиликтүү калк өндүрүлгөн продукцияларын сатууда бир топ эле азап чегип жаткандыгын айтып, Талас эли менен ойноого болбой тургандыгын баса эскертти. ”Бүгүнкү күндө Талас элинин жини бозодой кайнап жатат. Эгер ал бозо бир күн эле туруп кала турган болсо, анда баарыбызга жаман болору турган кеп. Өкмөт Талас облусунун жашоочуларынын чек ара маселесинин чечилишине башы менен жооп берсин” деди өз сөзүндө депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан