Ош. ОшТУнун студенти бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугун багындырды

6-ноябрдан 11-ноябрга чейин Уфа шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Ош технологиялык университетинин автоунаа факультетинин 4-курсунун студенти Медетбек Бектемиров алтын медалдын ээси болуп кайтты. Мелдешке дүйнө боюнча 22 мамлекет катышып, анын ичинен Кыргызстандан барган Медетбек 68 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугун жеңип алды. ОшТУнун маалымат кызматы билдиргендей, Медетбек Бектемиров кечээ Уфа шаарынан келип, университеттин салтанаттуу тосуп алуусуна туш болгон. Жаш спортчунун машыктыруучусу Каныбек Абытовдун айтымында, Медетбек буга чейин Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгон. Жакында эле Иран Ислам Республикасында өткөрүлгөн мелдеште да 2 алтын медалды алууга жетишкен.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан