Ошто 10 айда "Хизбут-Тахрир" уюмунун 34 өкүлү кармалды

Ош ОИИБинин кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 10 айында "Хизбут-Тахрир" уюмуна байланыштуу 50 кылмыш фактысы катталган. Анын ичинен 28 факт боюнча кылмыш иши козголуп, 34 адам кармалган. Ош ОИИБи билдиргендей, кармалгандардын 12си аталган уюмдун лидерлери, 22си активдүү мүчөлөрү болгон. Ыкчам иликтөө маалында алардан 1,8 миң диний-экстремисттик маанайдагы үгүт материалдары, санай кетсек, 305 баракча, 440 китеп-журналдар, 38 аудио, 30 видеокассета, 998 компакт-диск, 3 жарылуучу курал табылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан