Москвадан ата-энесиз калган 5 кыргызстандык бала мекенине алынып келинди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин тыгыз кызматташтыгынын натыйжасында өткөн аптанын аягында Москва шаарынан ата-энесиз калган кыргызстандык 5 бала Кыргызстанга алынып келинди. Биргелешип иштөөнүн жыйынтыгы менен 2011-жылы 2 бала, 2012-жылы 17 бала Кыргызстанга алып келинген. Тактап айтканда, 2011-жылдын декабрь айынан 2012-жылдын ноябрь айына чейин 19 бала мекенине кайтарылган. КРнын Орусиядагы элчилиги тарабынан документ иштерине жардам берилип, балдарды алып келүүгө КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери менен Токмок шаарындагы балдар үйүнүн өкүлдөрү да катышты.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан