Максат Сабиров: "Бюджетте акча жок дейбиз, бирок тойлорду катар-катар өткөрүп жатабыз"

Бүгүн парламентте депутат Максат Сабиров мамлекеттик майрамдарга бөлүнгөн каражаттын максатсыз сарпталып жатканын, аны токтотуп же көзөмөлгө алыш керектигин айтып чыкты. Депутат белгилегендей, быйыл Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан майрамдарга 84 миллион сом бөлүнгөн. “Биз бюджетте акча жок дейбиз да, бирок тойлорду катар-катар өткөрүп, эстеликтерди орнотобуз. Ошого кеткен каражатты маданиятка жумшайлы. Таанымал бир адамдын мааракеси болсо, кечелерди өткөрүп, китеп чыгаралы. Майрамдарга акча бөлүүнү токтотуу кажет же алардын максаттуу жумшалганын көзөмөлдөйлү",- деди эл өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан