Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Жугуштуу гепатит (сарык) оорусу Чүй, Ысык-Көл жана Бишкекте көп катталды"
КРнын Саламаттыкты
сактоо министрлигинин Ооруларды алдын ала дарылоо жана текшерүүдөн өткөрүү департаментинин оперативдүү маалыматтары боюнча, 12-ноябрдан 18-ноябрга чейин
республика боюнча жугуштуу оорулардын 4212 фактысы катталган. Алсак,
Бишкек боюнча жугуштуу гепатит (сарык) оорусу боюнча октябрь айында 652 факты болсо,
анын 5 пайызы борборго сырттан келгендер арасында. Жалпысынан алганда акыркы
мезгилде аталган илдеттин өсүүсү байкалбаса да, өлкөдө эпидемиологиялык абал
оор бойдон калууда. Мындай илдет менен эң көп ооругандар Чүй (165), Ысык-Көл (114) жана
Бишкекте (377) экени белгилүү болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма
сөз кызматы маалымат таратты.