ИИМдин өкүлү: "112 шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы катталды"

Ички иштер министрлиги 112 шайлоо мыйзамдарын бузуунун фактысын каттады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, добуш берүү күнүнө чейин 78 факт, добуш берүү күнү 34 факт катталган. Ички иштер органдары 102 факты боюнча ыкчам процесстик чечимдерди кабыл алышты, калгандары сотко чейинки өндүрүштө.

Кечээ, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан