Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданып, соттук отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 7-декабрга белгиленди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 5-декабрда аталган соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган.
Анда судья депутаттын жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган.
Чечимге ылайык, Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турган. Ал эми айыпталуучулардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу чечими күчүндө калтырылган.