Эмил Жамгырчиев Ак үйдөн секирип чыгып кеткен 2-кабаттагы бөлмө учурда жабык (видео)

Жогорку Кеңештеги Эмил Жамгырчиев терезесинен секире качкан бөлмө учурда жабык турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-январда депутат Нилуфар Алимжанова билдирди.

Кечээ Жамгырчиев кесиптеши Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткени айтылган. Бүгүн окуянын видеосу тарады.

Эл өкүлү кесиптеши качып кеткенине тиешеси жок экенин, анте турганын билгенде камоого негиз жок экенин айтып, качпоого чакырмак экенин белгиледи.

"Кечээ тергөөчүлөр келип кароо жүргүзүп, сүрөткө тартып кеткен. Биз андан кийин жаап койдук. Өзүбүз да кирбей элебиз. Тергөө бүткөнчө жабылып турат. Жамгырчиев менин кабинетиме келгенин билген эмесмин. Окуя орун алгандан бир топ убакыт өткөндөн кийин билдим", - деди Алимжанова.

Буга чейин "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев фракциялашы Эмил Жамгырчиевдин Ак үйдүн терезесинен секире качканына ыңгайсыз абалда калганын айткан.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталууда.

Жыйында депутатка карата Өзбекстанда да кылмыш иши козголгону айтылды. Ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиев Өзбекстандагы белгилүү кримавторитет Салим Абдувалиевден (Салим Байбача) жардам сураганын айтты.

Атайын кызматтын башчысы Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши оор кылмышка кирбегендиктен ал камалбай турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 10.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан