Депутат Алимжанов мандат чыры боюнча Жогорку сотко кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжанов мандат маселеси боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Жогорку сотко даттанды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына эл өкүлү өзү ырастады.

"Соттук отурумду 14-февралга дайындашкан. Бүгүн эле капыстан 25-январга жылдырылганын маалымдашты", - деди Алимжанов.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс" фракциясы) жогорку билими тууралуу жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Жогорку сот 30-октябрда Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Жасалма диплом чырынан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна партиялашы Чынберди Төлөнов депутат болуп келип, 23-ноябрда ант берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан