Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев мамлекетке 18 миллион 895 миң сом төлөп, абактан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-январда Карашев эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулган. Аны абактан бошотуу боюнча өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.
Соттон билдиргендей, Замирбек Карашев өткөн жылдын 10-октябрында УКМК тарабынан кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси менен айыпталган.