Балыкчы ШИИБинин башчысы окуучу кызды сүзүп кеткен окуя боюнча иш кыскартылды

Балыкчыда окуучу кызды сүзүп, качып кеткен шаардык милициянын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаардык соту мындай чечимди тараптардын жарашуусуна байланыштуу 26-мартта кабыл алган. Мындан улам анын баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн.

Эске салсак, кырсык ушул жылдын 26-январында болгон. Анда жол боюнда турган окуучу кызды унаа сүзүп, айдоочу качып кеткени камера түшүп калган. Кийин ал унаа Балыкчы ШИИБинин башчысы Бектур Осмонбаевге таандык экени маалым болгон. Бул окуя коомчулукта чуу жаратып, кыздын атасы видео кайрылуу жасап, кырсык болгон жерден Осмонбаевдин качып кеткенин айткан. УКМК издөө жарыялап, көп өтпөй ал кармалган.

Белгилей кетсек, Осмонбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан