Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу ант берди.
Белгилей кетсек, ал мандатын тапшырган Эмилбек Жусуповдун ордуна депутат болгон. "Ишеним" партиясынан шайланып келген Жусуповдун өзү жазган арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Эске салсак, Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы кабарланган. Анын мындай чечиминин себеби айтылган эмес.