Назира Бердигулова: "Алма сабагынан алыс түшпөйт, жакшынакай, сулуу кызым бар"

SUPER.KG порталынын бул жолку мейманы белгилүү актриса, ажарлуу айым Назира Бердигулова. Баарлашуу жеке жашоосунан башталып, чыгармачылыгы, аял-эркек ортосундагы мамилелер менен уланды. Ошондой эле өсүп келе жаткан кызынын кыял-жоругу, жетишкендиктери менен бөлүштү.

"Кызым 15 жашта. Учурда бир дагы социалдык тармакта жок, анткени кызыкпайт. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" деп коюшат го жакшынакай, сулуу кызым бар.

Кызым актриса болом десе макул болмок эмесмин. Анткени бул оор жол. Менин кызым туруштук бере албай калабы деп корком. Кызымдын мүнөзү дарыгер болууга ылайыктуу. Бирок өзү психолог болгусу келет", - дейт ал.

Ошондой эле аял-эркектин ортосундагы мамиле тууралуу да ойлору менен бөлүштү.

"Аял киши сыртка чыгып эс алса, эркек киши үйдөн эс алат. Андыктан баланс болушу керек", - дейт актриса.

Толугураак SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан