Бүгүн, 26-апрелде Оштогу Чернобыль курмандыктары эстелигинин алдында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, митинг-реквиемге Ош мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер, курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.
Ага ылайык, эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, апаатта каза болгондор эскерилди. Бүгүнкү күндө шаарда Чернобылдагы аварияны жоюуга катышкан 38 ардагер жашайт.
Белгилей кетсек, 1986-жылдын 25-апрелинен 26-апрелине караган түнү ХХ кылымдын эң ири техногендик апааты – Чернобыль АЭСинин төртүнчү энергоблогунда авария болгон. Жыл сайын 26-апрелде Ош шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилет. Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл 38 жыл толду.