Бүгүн, 27-апрелден тарта Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты реконструкциялоого жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жумуш убагында Ардак кароол алынат. Аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө.

"Архитектура жана шаар куруу эстелиги болуп саналган “Ала-Тоо” аянтынын азыркы композициясы "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы даярдаган жаңы концепциянын өзөгүн түздү. Аталган ишкана 100 метрлик желексаптын долбоорун да иштеп чыкты. Учурдагы желексаптын бийиктиги 45 метрди түзөт.

Курулуш жумуштары маалында унаалар үчүн жол жабылбайт. Эс алуу жайлары гана жабылат", - деп айтылат билдирүүдө.