Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен батыштан соккон катуу шамал катталышы күтүлөт.
"Сак болуңуздар! Шамал катталган учурда үйлөрдүн терезелерин жабыңыздар, унааларды бак-дарактардын астына койбоңуздар! Кырсык катталган учурда 112 кызматына кайрылыңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.