“Ата Мекен” Жантөрө Сатыбалдиевди отставкага кетирди

“Ата Мекен” фракциясынын коалициялык көпчүлүктөн чыгышы менен Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт отставкага кетти. Фракция депутаттары өкмөттү кетирүүгө “Кумтөр” маселеси негизги себептердин бири болгонун айтышты. 

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясы “Кумтөрдөгү” кыргыз тараптын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек. Бул тарыхый адилеттүүлүк. Кыргыздын байлыгы кыргызга гана иштесин” деп билдирүү менен өкмөттүн үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү сунушуна кескин түрдө каршы чыгып келгени белгилүү. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев трибунада, жыйындарда далилдүү фактыларды келтирип, үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы келерин бир нече ирет айткан. Буга карабай өкмөт өз позициясын өзгөртүүнү каалаган эмес. 

Маселе акыркы жолу Жогорку Кеңеште каралганда да “Ата Мекен” фракциясы толугу менен өкмөттүн сунушуна каршы чыккан. Тактап айтканда, “Ата Мекенден” 15 депутат, “Республикадан” 10 депутат, “Ата Журттан” 7 депутат, “Ар-намыстан” 2 депутат, КСДПдан 1 депутат үлүштү теңме-тең бөлүүгө каршы добуш берген. “Кумтөр” боюнча “Ата Мекен” фракциясы бир позицияны аягына чейин бекем карманганы чындык.

Эскерте кетсек, бүгүн “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыкты. Муну менен өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Президент Алмазбек Атамбаев 3 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүү укугун фракциялардын бирине бериши күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан