Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бир жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш планына ылайык, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын негизинде усулдук жардам берүү максатында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун кызматкерлеринен, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын кыргыз тилчи мугалимдеринен турган облустук комиссия түзүлдү.
Мыйзамдын аткарылышы обустук мекеме-ишканаларда, аскер бөлүктөрүндө, укук коргоо, фискалдуу органдарда, райондук мамлекеттик администрацияларда, айылдык аймактарда текшерилет.
Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта облустук өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.