Феликс Кулов бүгүн, 28-мартта депутат Анарбек Калматов өкмөт башчылыкка “Ар-намыс” фракциясынын талапкери эместигин билдирди. Айтымында, фракция азырынча бир талапкерге токтоло элек.
“Анарбек Калматов өкмөт башчылыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүүдө. Эгер премьер-министр жумшак рейтинг аркылуу шайлана турган болсо, катышып көрсүн”,- деди Кулов.
Айта кетсек, коалиция түзүү укугу берилген КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өкмөт башчыны жумшак рейтинг аркылуу шайлоо болбой турганын билдирүүдө.