ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 1-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова акыркы 3 жыл ичинде менчиктештирилип кеткен 31 бала бакча мамлекетке кайтарылып алынганын билдирди. Анын билдиришинче, прокуратура өлкөдө менчиктештирилип кеткен бала бакча имараттары боюнча фактыларды иликтеп жатат. “Былтыркыга караганда быйыл бала бакчаларды мамлекетке кайтарып алуу иштери жанданды”,- деди башкы прокурор.