2010-жылдын 7-Апрель окуясында курман болгондордун жакындары бүгүн, 2-апрелде Ак үйдүн жанындагы баатырларга арналып тургузулган эстеликтин жанына чогулушту. Алар аталган окуяда каза болгон эр-азаматтардын жаркын элесине арнап куран окушту. Чогулгандар ушу тапта президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун жана Президенттик администрациянын башчысы Данияр Нарымбаевдин келишин талап кылышууда.