Өкмөт мугалимдердин айлыгын 2015-жылы 50 пайызга көтөрүүгө акча издөөдө. Муну вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 15-январда Ош шаарындагы мектептердин мугалимдери менен жолугушууда билдирди жана мугалимдер менен дарыгерлерге социалдык жеңилдиктер берилиши керектигин айтты.
"Билим берүүнүн сапатын жана деңгээлин көтөрүүнүн үстүндө иштешибиз керек. Бул үчүн илимий-техникалык прогресстин акыркы жетишкендиктерин активдүү пайдалануу керек болот. Кеп интерактивдүү такта, электрондук китептер жана жардам берүүчү гаджеттер тууралуу болууда",- деди Ниязалиева.
Жамааттар менен жолугушууда Ниязалиева билим берүү бардык коомдун пайдубалы экенин белгиледи. "Биз билим берүүгө чоң маани беребиз. Азыр билим берүү тармагына түрткү берүү үчүн реформа жасоого мамлекет жетекчилигинде жана тармактык министрликте эрк бар",- деди вице-премьер.
Айта кетсек, Ниязалиева 15-январда Ош шаарындагы социалдык мекемелерди кыдырып чыкты.