Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында кыргыз жериндеги жайыттар талкууланды. Аталган комитеттин төрагасы Мирлан Бакиров учурда өлкөбүздүн аймагында 9 миллион гектарга жакын жайыт бар экенин белгилеп: “Жакынкы 3-5 жылдын ичинде бул көрсөткүч кескин төмөндөп кетиши мүмкүн”,- деп билдирди.
Депутат мунун себебин малдын саны көбөйүп, жайыттардын аянты ошол бойдон калып жатышы менен байланыштырды. Комитеттин мүчөсү Дастан Жумабеков жайыт көйгөйүн чечүү үчүн кескин чараларды көрүү керектигин айтты.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү жайытка болгон салыктын үчтөн бир бөлүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калтыруу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун колдошту.