КРнын 1-Вице-премьер-министри Аалы Карашев менен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов бүгүн, 23-ноябрда Ош облусундагы жер титирөө болгон аймактарга барышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт өкүлдөрү Алай жана Кара-Суу районунда жер титирөөдөн жабыркап, турак үйлөрү зыянга учураган тургундар менен жолугушту. А.Карашев тиричиликке керектүү буюмдар, тамак-аш боюнча өкмөт жардам берип жатканын айтып өттү. Өзгөчө кырдаалдар министри чатырлар орнотулуп, гуманитардык жардамды чогултуу жана жеткирүү боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.