Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз комитеттин 23-ноябрдагы жыйынына келбеген министрлерди сындады. Депутат министрлер парламентти урматтабай жатышканын айтат. Комитет жыйынында: “Эгер министр бошобой калса, анда тиешелүү түшүндүрмө бериши керек. Министр өзү келе албаса, ордуна орун басарын жибериши керек эле”,- деп билдирди депутат.
Комитеттин жыйынына чакырылган министрлердин арасынан саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев себепсиз келбей койгону айтылды.