Тийиштүү комитет 2014-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 24-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын 2014-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду.

Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин билдиришинче, 2014-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 105 миллиард 261 миллион сомду түзгөн же 2013-жылга салыштырмалуу 17,9 пайызга өскөн. Мунун 70 миллиард 945 миллион сому салыктык, 24 миллиард 356 миллион сому салыктык эмес киреше. Республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 107 миллиард 400 миллион сомду түзгөн же 2013-жылга салыштырмалуу 15 миллиард 284 миллион сомго көбөйгөнү айтылды.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев 2014-жылдын бюджетинде жол оңдоо багытында 1 миллиард 852 миллион сом каралып, 1 миллиард 833 миллион сом келип түшкөнүн айтты. 317 миллион сом мамлекеттик капиталдык салым катары кошумча каржыланган.

Комитет 2014-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн отчётун жактыруу менен парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан