Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев президенттин, өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын жана катардагы милиционердин ант берүүлөрүн талдап, андагы айырмачылыктарга токтолду.
"Биз баарыбыз ант беребиз. Анын ичинде 120 депутат, өлкө башчы, өкмөт мүчөлөрү, соттор да ант беришет. Бир гана милициянын катардагы кызматкери өмүрүн аябоого даяр, калгандарыбыз "мыйзамды сактайбыз" деп айтабыз. Бул парадокс эмей эмне?"- деди Абдылдаев.
"Демек, ант берген соң элдин алдында таза бололу, үйдөгү каражаттарды ийне-жибине чейин эсептеген сыяктуу мамлекеттин каражаттарын дагы так эсепке ала билели. Каржылык чыгымдар боюнча отчёт берүүнү Жогорку Кеңеш өзүнөн башташы керек",- деди эл өкүлү. Ошондой эле ал төраганын бул багыттагы маалыматын угууну тармактык комитет кабыл алган чечимге кошумчалоону суранды.