Алмамбет Шыкмаматов сот тармагына каралган каржылоо иштери натыйжа бербей жаткандыгын айтып чыкты

24-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу” мыйзам долбоорун карады.

Тармактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкина сот тармагын каржылоого каралган каражаттардын жетишсиздигин айтып, Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 29-июнундагы токтомунун аткарылбай жаткандыгын сынга алды. Сотторго каралган имарат-жайлардын абалы, сот арачыларынын ишке кириши тууралуу маселе дале болсо создуктурулуп келе жатканын айтты. “Өкмөт коюлган талаптарды аткаруу багытында ачык жооп бериши кажет. 2015-жыл аяктап бара жатат. Сот арачылары боюнча маселени чечүү жагы улам-улам кийинкиге жылдырыла береби?”- деди Скрипкина.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов болсо сот тармагына каралган каржылоо иштери натыйжа бербей жатканын айтып, Сот департаментинин Юстиция министрлигинин алдында баш калкалап келе жатканын эске салды.

Суроолорго жооп берүүдө каржы министри Адылбек Касымалиев: “Сот системи ички дүң өнүмдүн 2 пайыз өлчөмүндө каржылансын деп Жогорку Кеңеш маселе көтөргөнү менен, өкмөт бул көрсөткүчтү 2017-жылга чейин азайтуу жагын сунуштаган. Анда 0,85 пайыздан 1,15 пайызга чейин деп көрсөтүлүүдө. Чындап келгенде ички дүң продукциянын 2 пайызын камсыздоодо каражат жагынан кыйынчылыктар жаралууда”,- деди.

Бардык айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен, тармактык комитет “Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун эске алууну колдоду. Ошондой эле бул чечимдин бир көчүрмөсү парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин кароосуна жибериле турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан