Бүгүн, 24-ноябрда өкмөт Бишкек шаарындагы эски аянттан Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардамдар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды жөнөттү. Анда тамак-аш, кесменин түрү, май, кумшекер, чай, жана кир жуучу каражаттар, курулуш материалдары, жылуу кийим-кечектер жана калың төшөнчүлөр бар.
Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, бир эле Чүй облусунан жалпысынан 90 тоннадан ашык гуманитардык жардам берилди. Облустан көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 2 миллион 600 миң сомду түзөт.
Жардам чогулган жерге биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев чыгып, биринчи кезекте 441 кожолукка жардам бериле турганын айтты. Андан соң социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлөт. Алардын баары толук камсыз болгондон кийин кезек менен муктаж болгондордун жалпысына колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
"Биз бул жардамдар менен эле токтоп калбайбыз. Азыркы тапта банкта эсеп төлөмдөрү ачылып, ал жакка да түрдүү мекеме-ишканалардан, жергиликтүү бийлик органдарынан жана жеке каалоочулардан ар кандай суммада акчалай жардамдар келип жатат. Азыркы гуманитардык жардам жүктөлгөн унаалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча бөлүмүнө барып, ал жерден жүктөр түшүрүлүп, ар бир жабыркаган айылга бөлүнөт. Жеткирилген жардамдар элдин көз алдында, муктаж болгондорго тизме боюнча акыйкат жана ачык таратылат",- деди Карашев.
Гуманитардык жардамды өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү коштогон топ жеткирип барат. Жолдон Талас жана Жалал-Абад облусунан да гуманитардык жардамдар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалар кошулмакчы.