Депутаттар эртең Жогорку Кеңештин түзүмүн оптималдаштыруу жана чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулашат

Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, 25-ноябрдагы жалпы жыйында алгач Жогорку Кеңештин түзүмүн оптималдаштыруу жана чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулашат. Жогорку Кеңештеги өздүк булактын билдиришинче, комиссия мүчөлөрү маселени карап чыгып, жыйынтыгында бардык артыкчылыкты калтыруу чечимине келишти. "Эртеңки жыйында эл өкүлдөрү комиссия чечимин талкуулап, андан соң ар бир пунктка өзүнчө добуш берүү аркылуу чечим кабыл алышат",- деди өздүк булак.

Аталган комиссиялык топту вице-спикер Нурбек Алимбеков жетектеп, анын курамына ар бир фракциядан 2-3төн депутат жана Жогорку Кеңештин аппарат өкүлдөрү киришкен.

Айта кетсек, буга чейин парламенттеги айрым фракциялар бардык артыкчылыктардан баш тартууну сунуштап жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан