УКМК Эл аралык "Альфа" антитеррордук уюмунун кыргыз мамлекетиндеги өкүлүн сыйлады

Эл аралык "Альфа" антитеррордук уюмунун Кыргыз Республикасындагы аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Юрий Сарвадий КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан сыйланды. "Кызматташтык үчүн" төш белгиси Кыргыз Республикасы менен Орусиянын атайын багыттагы бөлүмдөрүнүн кызматташтыгын жана УКМКнын атайын багыттагы кызматынын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн берилгенин өлкөнүн Орусиядагы элчилигинен 24-ноябрда билдиришти.

Сыйлыкты аталган элчиликте Болот Жунусов тапшырганы, иш-чарага элчиликтин, "Альфа" антитеррордук уюмунун өкүлдөрү катышканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан