Жогорку Кеңештин бюджети 50 миллион сомго кыскарууда

Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында парламенттин чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда. Комиссиянын төрагасы Нурбек Алимбековдун билдиришинче, Жогорку Кеңештин түзүмү оптималдашып, чыгымдар азайтылганы жатат.

"Буга чейин парламент комитеттеринде 98 штаттык бирдик болсо, алардын саны 91ге түштү. Калган 8 кызматкер парламенттин басма сөз кызматына жана башка бөлүмдөргө жайгаштырылды. Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынан 85 штаттык бирдик кыскарды. Муну менен 26 миллион сом үнөмдөлөт. Парламентке караштуу пансионаттардын чыгымы 21 миллион сомго азайганы жатат. Жалпылап алганда, буга чейин Жогорку Кеңештин бюджети 799 миллион сом болсо, аны 750 миллион сомго түшүрүп жатабыз",- дейт Алимбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан