Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-ноябрда өтүп жаткан жыйынында жаңыдан депутат болуп келген Салайдин Айдаров ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча экономика жана өнөр жай министри болуп дайындалган Арзыбек Кожошевдин ордуна келди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Салайдин Айдаровду салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.
Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.