Франциянын премьер-министри: "Европа мындан ары Сириядагы качкындарды кабыл ала албайт"

Европа мындан ары качкындарды кабыл ала албайт. Бул тууралуу Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс билдиргенин бүгүн, 25-ноябрда чет элдик ММКлар жарыялашты. “Европа мындан ары Жакынкы Чыгыштан келген качкындарды кабыл ала албайт жана чек араны кайтарууну күчөтүү керек”,- дейт Вальс.

Франция 2015-2016-жылдары 30 миң качкынды кабыл алуу боюнча өз милдетин аткарууну көздөп жаткандыгын белгилеген премьер: “Биз, франциялыктар, 13-ноябрда Париждеги теракттарды мигранттардын катарында келгендер уюштургандыгын билебиз”,- деп билдирүү менен бул көрүнүш Европанын качкындарды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда жана чек аралар жөнүндөгү келишимдерди ишке ашырууда көйгөй жаратканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан