Жогорку Кеңештин депутаттары жардамчысыз иштөөдөн баш тартышты. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жабык эшик артында өткөн жыйынында кабыл алынганын SUPER.KG'ге депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
"Депутаттар гаражды Жогорку Кеңештин түзүмүндө калтырууга, KG сериясындагы номурларды калтырууга, кызматтык батирлерди калтырууга, кызматтык унаалардан баш тартууга макулдук беришти. Ал эми фракция лидерлери менен комитет төрагаларына унааларды калтырууга, жардамчысыз иштөөгө каршы чыгышты",- деди депутат.