Жаныбарларга колдонулуучу дарыларды экспертизадан өткөрүү укугу ветеринария органына берилет

Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-ноябрда өкмөт тарабынан сунушталган "Дары каражаттары жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, мыйзам долбоору ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатын экспертизалоону "Ветеринария жөнүндө" мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирет. "Мындай чаралар жаныбарлар ылаңын алдын алуу жана дарылоо жаатында атайын каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун арттырат. Жаныбарлардын ооруларын дарылоо үчүн колдонулуучу дары каражаттарынын сапатын, коопсуздугун экспертизадан өткөрүү укугу мамлекеттик ветеринария органына өткөрүлүп берилүүдө",- деп билдирди Керималиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан