Орусия "учак окуясы" боюнча Түркияга аскердик жооп кайтарат

Орусия Су-24 учагынын атып түшүрүлүшү боюнча Түркияга жооп катары туризм жана соода-сатыкты токтотуу менен гана чектелбейт. "Мындай агрессияга каршы аскер күчтөрү менен да жооп берет",- деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги. Мамлекет башчы Владимир Путин бүгүн Екатеринбургда сөз сүйлөп, Москва Сириядагы аскердик базасына S-300 зениттик-ракеталык системин жиберерин кабарлады. Коргоо министри Сергей Шойгу буга чейин орус бийлиги Сириядагы "Хмеймим" базасына S-400 ракеталык системди алып барарын, Орусия Түркия менен болгон аскердик байланыштарын толук токтоторун айткан эле. “Асман падышалары” деп аталган Су-34 аскер учактарынын тобу да Орусиянын Сириядагы аскер базасына жайгашары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан