"Республика-Ата Журт" фракциясы жардамчыдан, батирден, кызматтык унаадан, айдоочудан жана KG номурдан баш тартты

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы жардамчыдан, батирден, кызматтык унаадан, айдоочудан жана KG номурдан баш тартты. Фракция мындай чечимди бүгүн, 25-ноябрдагы жыйынында кабыл алды. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов фракция элдин алдында берген 15 убадасынын биринчисин аткарганын айтты. "Өзүңүздөр көрдүңүздөр, депутаттар алгач KG номурдан баш тартышты эле, кайра добушка коюлуп, өтүп кетти. Айдоочу менен унаадан баш тарткан соң аны да алып салыш керек эле, тилекке каршы, андай болгон жок. Ошондуктан бул маселе боюнча биздин фракция бир чечимге келиши керек",- деди Бабанов.

Депутат Кенжебек Бокоев KG номурдан жалпы депутаттар да баш тартышы керектигин айтты. "KG номур да артыкчылыкка кирет. Аны унаасына тагып алган адамды МАИ кызматы токтотпойт, каалагандай айдашат. Ошондуктан бул маселени кайрадан көтөрүп, сөзсүз аягына чыгарыш керек",- деди Бокоев.

Фракциянын башка мүчөлөрүнүн пикири угулуп, жыйынтыгында баш тартуу чечимине келишти.

"Жалпы жыйында жардамчыларды калтыруу чечими кабыл алынды. Бирок бизге чай ташып берген жардамчынын кереги жок, жардамчы албайбыз, мыйзам жазган гана кеңешчи керек деп убада бергенбиз. Жардамчысы жок иштеген болсок, бир жылда 13 миллион сом үнөмдөлөт экен. Аны карылар үйүнө, балдар интернатына которуп берүү керек",- деди Бабанов.

Жыйынтыгында жардамчыдан, батирден, кызматтык унаадан, айдоочудан жана KG номурдан баш тартуу чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан