Элет жергесиндеги абалды жакшыртууга багытталган кезектеги долбоорго байланыштуу макулдашуу ратификацияланууда

Жогорку Кеңеште Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды.

Келишимге ылайык, Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясы элет жерин өнүктүрүү багытында Кыргыз Республикасына 12 миллион доллар каражат бөлөт. Бул жолу жеңилдетилген насыя Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы айылдарга берилмекчи. Анын 6,6 миллион доллары насыя, ал эми 5,4 миллион доллары грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыз үстөгү менен берилүүдө. Анын ичинде 7 жылы – жеңилдетилген мөөнөт. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Долбоор "Потенциалды өнүктүрүү", "Айылды инвестициялоо", "Долбоорду башкаруу" сыяктуу 3 компонеттен турат. Анын алкагында элет жергесинин инфратүзүмүн жакшыртууга, жакырчылыкты жоюуга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, жергиликтүү тургундардын ден соолугун чыӊдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин билимин көтөрүүгө багытталган бир катар иштер аткарылат.

Белгилей кетсек, буга чейин эл аралык каржы донорлорунун жардамы менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча ушундай эле эки долбоор кабыл алынып, ушу тапта ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан