Түркиядан Сирияга гуманитардык жардам алып бараткан оор жүк ташуучу унааларга чабуул жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда түркиялык басылмалар жарыялашты.
Маалыматта Сириянын Азез аймагында гуманитардык жардам алып бараткан унааларга абадан сокку урулганы, 7 киши набыт болуп, 10дон ашуун киши жаракат алганы айтылды. Унаалар цемент жүктөп бара жатканын, 20 унаа жараксыз абалга келгенин жарыялашты.
Бул жүктөр Сирия менен Түркиянын чек арасындагы "Өнжүпынар" бажы пунктунда түркиялык унаалардан Сирияга тиешелүү унааларга жүктөлгөнү, чабуул орусиялык учактар тарабынан жасалганы айтылат маалыматта.