Депутат Нышанов Жалал-Абад шаарындагы аэропортту тез арада ишке киргизүүнү талап кылды

"Жалал-Абад шаарындагы аэропортту тез арада ишке киргизүү керек",- деп чыкты депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында. Депутат аталган аэропорт иштебей тургандыктан, Жалал-Абад облусунун эли Ош аэропорту аркылуу учууга аргасыз болуп жатканын айтты. "1 миллиондон ашуун эли бар Жалал-Абад облусунда аэропорттун иштебей турушу өтө начар көрүнүш. Облус эли кайра-кайра кайрылып, тынчсызданып жатат. Ошондуктан аэропортту 2016-жылдын алгачкы айларынан тартып ишке берүүсүн өкмөттөн суранам",- деди Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан