Бишкекте бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын фонддук биржасынын 20 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Анда президенттик аппараттын бөлүм башчысы Илья Чёрный мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. “Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда баалуу кагаздарды өнүктүрүүнүн конкреттүү жолдору белгиленген. Кыргыз мамлекетинин фонддук биржасы заманбап каржы борборуна айланышы керек”,- дейт президент.
Алмазбек Атамбаев мекеменин мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.